top of page
Учитель и доска

"Заманбап Мугалим" программасына мектептерди тандоо конкурсу

Страница на русском

Кыргыз тилиндеги анкета

Анкета на русском


Teach for KG - Заманбап Мугалим коомдук фонду билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизе ала турган жана мектеп системасын өзгөртүүгө көмөктөшө ала турган жаш адистерди мектептерде ишке тартат. Программанын катышуучулары эки жыл бою аймактык мамлекеттик мектептерде мугалим болуп иштешет. Программа катышуучуларды педагогикалык багытта кайрадан окутууну жана татыктуу кирешени камсыз кылат, ошондой эле аларга методикалык жана психологиялык колдоо көрсөтөт.


Борбордук Азиянын Эл Аралык Университети программанын негизги билим берүү өнөктөшү болуп саналат.


2023-жылы аталган фонд "Заманбап Мугалим" КР Билим берүү министрлиги менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. 2024-жылы “Заманбап мугалим” программасы Чүй облусунда пилоттук долбоорду баштайт.


Биз программанын баалуулуктарын бөлүшө турган мектептептерди издеп жатабыз жана 2024-жылдын сентябрынан баштап программанын үч мугалимин тандоодон өткөн мектептерге жиберүүгө даярбыз. Мектептер үчүн бул программага катышуу акысыз. Программанын катышуучулары ишке орношкондон кийин мектеп иш жүзүндөгү жүктөмүнө ылайык мугалимдердин расмий эмгек акысын төлөп бериши керек. Мектептерди тандоонун шарттары жана программанын максаттары жана баалуулуктары жөнүндө кененирээк окуңуз: Тандоо эрежелери жана вебинарды жаздыруу.


Программанын узак мөөнөттүү максаты билим берүү системасын жаңылоого жана өнүктүрүүгө түрткү бере ала турган таланттуу адистердин коомун түзүү болуп саналат.


Эгерде сиз Чүй облусундагы мамлекеттик мектептин директору болсоңуз жана өз мектебиңизди программага катышууга көрсөтүүнү кааласаңыз, анда 2024-жылдын 14-февралына чейин арызды толтуруңуз.


Кыргыз тилиндеги анкета

Анкета на русском


14-февралдан кийин “Заманбап Мугалим” уюмунун эксперттери анкеталарды талдап, программага катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн сиз менен онлайн байланышат.


Мектептерди тандап алуу мөөнөтү узартылды. Программага кирүүгө көп өтүнүч келгендигине байланыштуу чечим кабыл алуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат. Сиз менен марттын аягына чейин байланышыбыз.

bottom of page